Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус болот.
23-январда Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот. (BTo)