Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Путин менен Абэ Курил аралдарынын тагдырын талкуулашат


Курил аралдарын Жапонияга өткөрүп берүүгө каршы чыккандардын акциясы. 20-январь, 2019-жыл.
Курил аралдарын Жапонияга өткөрүп берүүгө каршы чыккандардын акциясы. 20-январь, 2019-жыл.

Орусия президенти Владимир Путин менен Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ шейшембиде Москвадагы жолугушууда Курил аралдарынын айланасындагы талашты талкуулашмакчы. Бул талаш эки өлкө ортосунда тынчтык келишимине кол коюуга жолтоо болуп келатат. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги макулдашууга кол коюш үчүн Токио Экинчи Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын, анын ичинде Курил аралдарынын Орусияга таандык экенин таанышы керек деген шарт койгон. Жапония ага макул эмес.

Дүйшөмбүдө Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкө тең улуттук кызыкчылыктарын коргой тургандыгы анык экенин билдирди. Жапон премьеринин кабинет башчысы Йошихиде Суга Абэ «диалогдун конструктивдүү болоорун» күтөт жана тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө мүмкүн болушунча салым кошууга даяр экенин айтты.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келатышат. Согуш маалында Жапониянын аралдарын Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы тараптар аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган.

Курилдин курамына 50 чоң-майда арал кирет. Жапония алардын төртөөнү кайтарууга аракет кылууда. Былтыр 14-ноябрда Орусия төрт аралдын экөөнү Жапонияга өткөрүп берүүнү караган 1956-жылдагы декларацияга кайтуу ниети бар экенин билдирген.

Өткөн 20-январда Орусиянын бир катар шаарларында Курил аралдарынын айрымдарын Жапонияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө каршы акциялар өттү.

XS
SM
MD
LG