Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

ЖК комитети Индиядагы элчиликке Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды


Асеин Исаев.
Асеин Исаев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды. Сунушталган талапкер тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баянлдама жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

55 жаштагы Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Белгиядагы, Нидерланддардагы, Люксембургдагы жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Өткөн аптада президент АКШга, Орусияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG