Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Ысык-Көл облусунда 150 миң тонна картөшкө сатылбай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы жалпы облус боюнча 28 миң гектар жерге көртөшкө айдалган. Жыйынтыгында түшүмү 521 миң тоннаны түзгөн. Анын жарымынан көбү сатылса, учурда баа арзан болуп жатканына байланыштуу дыйкандар 150 миң тоннадай картөшкөсүн сактап турушат.

Ушу тапта облус аймагында картөшкөнүн килограммы 5 сомдон сатылып жатат.

Мусаев калган картөшкөнү жакшы баада өткөрүш үчүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Казакстандын Алматы шаары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Буга чейин дыйкандар картөшкө, жүгөрү, пияз, сарымсак сата албай жатканы белгилүү болгон. Айрыкча алар өкмөткө ишенип, картөшкөнү көп айдап алгандардын чыгымы акталбай жатканын айтышкан. Былтыр күзүндө президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, «рыноктун баасынын алдын алуу, айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо жетишсиз» болуп жатканын сынга алган.(AsM)

XS
SM
MD
LG