Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

Орусиялык ырчы Эмин Агаларов АКШда концерт койбойт


Ата-бала Агаларовдор Дональд Трамп менен. 2013-жыл.
Ата-бала Агаларовдор Дональд Трамп менен. 2013-жыл.

Орусиялык ырчы Эмин Агаларов 26-январда баштала турган Кошмо Штаттардагы концерттик турнесин токтотту. Ырчы Вашингтон ага кол тийбестик кепилдигин камсыз кыла албайт деп эсептейт.

Анын атасы, миллиардер Арас Агаларов 2013-жылы АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп менен бирге Москвада «Аалам сулуусу» сынагын өткөргөн. Арас кийин Трамп президенттикке аттанганда анын жардамчылары менен орусиялык адвокат Наталья Весельницкаянын жолугушууларын уюштуруп турганы менен белгилүү болгон. Ал Трамптын жакындарына Хиллари Клинтонго көлөкө түшүрө турган маалыматты жана документтерди берүү ниети менен жолугушууга аракет кылган.

CNNдин маалыматына ылайык, Конгресстин бир нече комитети жана атайын прокурор Робер Мюллер Эмин Агаларовдон бул жолугушуу тууралуу маалымат алууну көздөшкөн. Өткөн жылы Демократиялык партиянын Улуттук комитети ата-бала Агаларовдорго "АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү максатында Трамп менен Орусия ортосундагы байланыштарга тиешеси болгон" деген айып койгон. Агаларовдун Америкадагы адвокаты Скотт Балбер былтыр атайын прокурор жана Конгресстин комитеттери менен байланышка чыгып, Арас аларды кызыктырган суроолорго жооп берүүгө өз ыктыяры менен макул экенин айткан. Бирок анын сөздөрүнө караганда бул сунушуна оң жооп алган эмес. Агаларовду ант алдында суракка тартуу каралууда.

XS
SM
MD
LG