Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Оторов: жол эрежесин бузган айдоочулар кескин азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштагандан бери жол эрежесин бузган айдоочулар кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты:

- 2018-жылдын декабрь айынын акыркы жумасында жол эрежелери бузулган 1000ден ашык учур болгон. Ал эми 2019-жылдын январь айынын биринчи жумасында жол эрежеси бузулган 200 учур катталды. Ошону менен автокырсыктардын азайышы да байкалып жатат.

1-январдан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга салынчу айыппулдун өлчөмү көбөйгөн. Мас абалында машине айдагандар 17 500 сом айыпка жыгылат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айыппул каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук кемерин тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат. (BTo)

XS
SM
MD
LG