Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Абылгазиев энергетикадагы коррупцияны жоюуну тапшырды


Өкмөттө өткөн жыйын. 22-январь, 2019-жыл.
Өкмөттө өткөн жыйын. 22-январь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, анын ишин ачык-айкын кылууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы энергетика тармагын реформалоо боюнча өкмөттө өткөн кеңешмеде айтты.

- Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча документтерди жаңылоо маселелери курч бойдон турат, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр жабдуулар көбүнесе чет өлкөдөн сатылып алынарын, ушундан улам өлкөдө «акылдуу эсептегичтерди», кабелдерди, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу боюнча өндүрүштү уюштуруу боюнча сунуштарды кигизүүнү тапшырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG