Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев тармактык комитеттердин жыйындарына келбеген министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине катуу эскертүү берүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү мындай пикирин тармактык комитеттин биргелешкен жыйынында айтып чыкты.
22-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет менен Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет 1-январдан тартып күчүнө кирип, талкуу жараткан жаңы кодекстер боюнча биргелешкен жыйын өткөрүштү. Депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор, ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жыйынга келбей калганын сындашты.
Аталган маселе боюнча вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков башында турган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти. (КЕ)