Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Орусия: Учактын багытын бурууга аракет кылган киши кармала элек


Ханты-Мансийск, 22-январь, 2019-жыл.
Ханты-Мансийск, 22-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Антитеррордук комитети Сургут-Москва каттамында бараткан учакты Ооганстанга бурууну талап кылган жүргүнчү кармала элек экенин, ал бортто кала бергенин тактады. 22-январда учак Ханты-Мансийск шаарына чукул конууга мажбур болгон.

Ушу тапта окуянын чоо-жайын аныктоо аракети жүрүп жатат. Учактагы 70тен ашуун жүргүнчү жана экпиаждын 7 мүчөсү дагы эле бортто. Аэропортко "Тез жардам" машинелери, өрт өчүрүүчүлөр тартылды, полиция имаратты кайтарууга алды, ыкчам штаб түзүлдү.

Буга чейин айрым агенттиктер учакты бурууну талап кылган киши кармалганын, жанында курал табылбаганын жазышкан. Айрым маалыматтарга караганда экипаж аны май куюу үчүн Ханты-Мансийск шаарына конууга көндүргөн. Ал киши мас болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG