Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

КТРКнын директору кызматына эч кимден арыз түшө элек


КТРКнын башкы имараты.
КТРКнын башкы имараты.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна эч кимден арыз келип түшө элек. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Жекшеев арыздар 18-февралга чейин кабыл алынып, жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандай турганын белгиледи.

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өмүр баянын, паспортунун жана жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн жана башка талап кылынган документтерин тапшырышы керек.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат.

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеевдин буга чейин билдиргенине караганда, мыйзам боюнча Илим Карыпбеков кайрадан талапкер катары арыз бере алат.

​Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.

Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG