Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Путин: Жапония менен келишимге жетишүү үчүн дагы иштер жасалышы керек


Орусия президенти Владимир Путин менен жапон премьер-министри Синзо Абэ.
Орусия президенти Владимир Путин менен жапон премьер-министри Синзо Абэ.

Орусия президенти Владимир Путин Экинчи Дүйнөлүк согушка формалдуу чекит койгон Жапония менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн дагы «иштер жасалышы керек» деп билдирди. 22-январда Путин менен жапон премьер-министри Синзо Абэнин Москвадагы кездешүүсүндө Курил аралдарынын айланасындагы талашты жөнгө салуу жолдору сөз болду. Абэ орус мамлекет башчысы экөө ондогон жылдан бери уланып келе жаткан жер боюнча талашка чекит коюуга дилгирлигин бышыкташканын айтты.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери февралда маселени дагы бир ирет талкуулашмакчы.

Курил аралдарынын айланасындагы талаш эки өлкө ортосунда тынчтык келишимине кол коюуга жолтоо болуп келе жатат. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги макулдашууга кол коюу үчүн Жапония Экинчи Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын, анын ичинде Курил аралдарынын Орусияга таандык экенин таанышы керек деген шарт койгон.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келе жатышат. Согуш маалында Жапониянын аралдарын Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы тараптар аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган.

Курилдин курамына 50 майда арал кирет. Жапония төртөөнү кайтаруу аракетин көрүүдө. Былтыр 14-ноябрда Орусия төрт аралдын экөөн Жапонияга өткөрүп берүүнү караган 1956-жылдагы декларацияга кайтуу ниети бар экенин билдирген.

20-январда Орусиянын бир катар шаарларында Курил аралдарынын айрымдарын Жапонияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө каршы акциялар өтүү.

XS
SM
MD
LG