Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

“Инфоком”: автоунаанын мамлекеттик номурларын сатуудан 100 млн. сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы кооз сандардан турган мамлекеттик номурларды жасап, сатуудан казынага 100 млн. сом түшүрдү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.

2016-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштаган. Атайын коргоо белгилери күчөтүлгөн номурлар эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, тамга менен сандан турат. Ар бир аймактын белгиси 01ден 09га чейинки сан менен көрсөтүлгөн.

Жалпы жонунан эң кооз деген 700 номур аукцион аркылуу, ал эми 12 миң номур жөнөкөй жол менен сатылган. (ТСГ)

XS
SM
MD
LG