Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

АКШ Венесуэладагы нааразылык акциясына чыккандарды колдоду


Нааразыллык акциясынын катышуучулары.
Нааразыллык акциясынын катышуучулары.

Вице-президент Майкл Пенс Венесуэладагы нааразылык акциясына чыккандарды колдой турганын айткан кайрылуусун жарыялады. Нааразылык акциясы 23-январга белгиленген.

Пенс АКШ президентинин атынан Вашингтон активисттерди колдой турганын билдирди. Вице-президенттин айтымында, Венесуэланын эли эркиндикти коргоп жана азыркы президент Николас Мадуронун бийлигине каршы чыгып жатат.

Пенс Улуттук ассамблея - Каракаска карата Вашингтондун мамилесин белгиледи.

Венесуэладагы нааразылык акциясы аскердик топтордун ишке ашпай калган козголоңунан кийин 21-январда, дүйшөмбүдө башталган.

Мадуро Венесуэланын президенти болуп 2013-жылы бийликке келген. 2018-жылы май айында кайрадан шайланган. Шайлоо АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгын жараткан. Мадуро өзү демократиянын принциптери жана адам укугу сакталбай жатканын сындап келет. Ал эми Венесуэланын парламенти 15-январда Мадурону "узурпатор" деп айыптаган. Көпчүлүгү оппозициядан турган Улуттук ассамблея өлкө башчысы кабыл алган чечимдерди мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген.

Акыркы жылдары Венесуэлада гуманитардык кризис уланып жатат. 2014-жылдан бери маал-маалы менен президентке каршы нааразычылык акциялары кайталанып келет.

XS
SM
MD
LG