Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте автобус коюп кеткен кыз ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кырсык 22-январда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Баштапкы маалымат боюнча Бишкектеги маршруттук каттамдагы №7 автобус жөө кишилер өтө турган тилкеде бараткан 16 жаштагы кызды коюп кеткен. Учурда кыз ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Автобустун айдоочусу 29 жаштагы жаран экени такталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG