Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Казакстанда жоолукчан окуучулардын ата-энелерине кайрадан айыппул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынгандыгына байланыштуу мектепке киргизилбей жаткан эки үй-бүлө окуучуларынын ата-энелерине айыппул салынды.

Алардын балдары Актөбө шаарынын №8 жана №60 орто мектебинде окушат. Облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаментинин өкүлү Жанар Мухамбеталина ар бир ата-энеге 12 миң 625 теңге (30 доллар) айыппул салынганын маалымдады.

Аймактык билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда облус аймагында “мектеп формасын бузгандыктан” сабакка катыша албай жаткан 10 бала бар. Алар окуу жылы башталгандан бери мектепке келе элек. Билим берүү департаменти бул окуучулардын ата-энелерине былтыртан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Актөбө облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаменти 2018-жылы “жоолук чырынан” улам жалпасынан 33 ата-энеге айыппул салган. №31 мектептин мурдагы директору Сауле Баймагамбетова бул маселеден улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

2017-жылы декабрда Астана соту жоолукчан кыздарды мектепке киргизбеген директорлорго арыз жазган ондогон ата-энелердин дооматын канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG