Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

"Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды


"Оскар" сыйлыгынын статуэткасы.
"Оскар" сыйлыгынын статуэткасы.

Америка киноакадемиясы быйылкы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Жылдын эң мыкты тасмасы" багытында "Жашыл китеп", "Рома" , "Жылдыздын төрөлүшү", "Богемия рапсодиясы", "Фаворитка", "Бийлик", "Кара кабылан" жана "Кара клан кишиси" фильмдери ат салышат.

"Эң мыкты чет элдик тасма" үчүн "Рома" (Мексика), "Кансыз согуш" (Польша), "Дүкөн тоногучтар" (Жапония), "Капернаум" (Ливан), "Автору жок эмгек" (Германия) тандалды.

"Эң мыкты режиссер" номинациясын Альфонсо Куарон ("Рома"), Адам МакКей ("Бийлик"), Спайк Ли ("Кара клан кишиси"), Павел Павликовский ("Кансыз согуш"), жана Йоргос Лантимос ("Фаворитка") талашат.

"Мыкты актер" наамына талапкер болуп Рами Малек ("Богемия рапсодиясы"), Кристиан Бейл ("Бийлик"), Вигго Мортенсен ("Жашыл китеп"), Брэдли Купер ("Жылдыздын төрөлүшү"), Итан Хоук ("Бадачынын күндөлүгү") жана Уиллем Дефо ("Ван Гог. Чексиздиктин чегинде") тандалды.

"Мыкты актриса" номинациясына Ялица Апарисио ("Рома"), Гленн Клоуз ("Жубай"), Леди Гага ("Жылдыздын төрөлүшү"), Оливия Колман ("Фаворитка") жана Мелисса МакКарти ("Мени кечире аласызбы?") талапкер болду.

91-ирет уюштурулуп жаткан "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 24-февралда Лос-Анжелесте салтанаттуу жыйында аныкталат.

Орусиядагы кыргыз мигранты тууралуу режиссер Сергей Дворцевой тарткан "Айка" фильми "Оскардын" финалдык баскычына чыкпай калды. Бул тасма Казакстандын атынан сунушталган.

XS
SM
MD
LG