Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Бекназаров орус тилинин маселеси боюнча бийликке кайрылды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды. Ал кайрылуунун көчүрмөсүн "Азаттыкка" 22-январда жөнөттү.

Кайрылууда "мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы зарыл, көрнөк-жарнактар тартипке келтирилип, мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айыппул салыш керек" экендиги жазылган.

Бекназаров мүчө болгон коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн 15-январдагы курултайында бул маселе козголгон. Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюу - сөз болуп жаткан күчтөрдүн аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири.

Бул демилгени коомчулукта колдогондор да, бөлүп-жаруу катары кабыл алып, сындагандар да болууда.

Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Көп иш кагаздары орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет. (KE\SE)

XS
SM
MD
LG