Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:20

Жаңы кодекстерге жумшалган 13,6 млн. евронун чоо-жайын иликтөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соттук-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында каралган 13,6 млн. евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев айтып чыкты. Ал эми депутат Акылбек Жапаров бул каражаттын 3 млн. евросу калкка түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалганын, бирок жарандардын жаңы кодекстер тууралуу түшүнүгү жок болуп жатканын белгиледи.

- Каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир-бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мекеменин жетекчилери катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG