Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргыз тоолору.
Кыргыз тоолору.

24-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкек шаарында түндө жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -3...-5, күндүз 3...5 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.

XS
SM
MD
LG