Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Геолог Аскер Турдукулов дүйнөдөн кайтты


Аскер Турдукулов.
Аскер Турдукулов.

"Даңк" медалынын ээси, геолог Аскер Турдукулов 83 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Улуттук илимдер академиясы кабарлагандай, 21-январда көз жумган окумуштуунун сөөгү 23-январда жерге берилди.

Геология-минералогия илимдеринин доктору, жүздөн ашуун илимий эмгектин автору негизинен сейсмология жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүп, сейсмикалык кооптуу аймактарды аныктоого салым кошкон. 1994-жылдан 2005-жылга чейин Сейсмикалык институтту башкарган.

Маркум Бишкек, Кара-Балта, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Таш-Көмүр шаарларынын, Чоң Кемин, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын сейсмикалык микрорайондоштуруу карталарын түзүүгө жигердүү катышкан.

XS
SM
MD
LG