Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Эл өкүлү автоунаанын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштырууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Пирматов автоунаалардын айнегин караңгылатуунун акысын 500 долларга баалап, аны мыйзамдаштырууну сунуш кылды. Эл өкүлү мындан бюджетке кошумча каражат түшө турганын кошумчалады.

- Биз өткөн чакырылышта өзгөчө комбинациядагы номерлерди аукцион аркылуу алуу боюнча мыйзам кабыл алып бердик эле, - деди ал. - Ошондон канчалаган миллион сом түшүп жатпайбы. Азыр айнекти караңгылатканды 500 доллар кылып койбойсуздарбы. Жок дегенде 1 млн. машиненин 10% пайдаланат да, 4-5 млрд. сом кошумча түшөт эле. Азыр Транспорт министрлигинен ИИМге өткөрүп бергенде деле бул токтобойт. Бул ошондой балакет экен, элибиз караңгылатып жүргүсү келет экен. Кылмыш кылгысы келген адам караңгылатпай деле кыла берет.

Депутат муну өкмөттүн токтому менен деле киргизсе болот деген пикирде.

Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министирлигине жүктөлгөн.

Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу кайрадан Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.

Мыйзам боюнча айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3000 сомдон, ал эми юридикалык тараптар үчүн 13 000 сом. (КЕ)

XS
SM
MD
LG