Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Орусияда учакты мажбурлап айдатуу боюнча шектүү сурак берди


Ханты-Мансийск шаарынын аэропорту. 22-январь, 2019-жыл.
Ханты-Мансийск шаарынын аэропорту. 22-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети Сургут-Москва каттамында бараткан "Аэрофлот" компаниясына караштуу учакты Ооганстанга бурууну талап кылган Павел Шаповаловду суракка алып жаткан видеосун 23-январда таркатты. Видео тасмада Шаповалов өз кадамын “баары алгач ойлогондой оңой эмес экен” деп түшүндүрүп, "Ооганстанга баруунун кажети деле жок" болгонун мойнуна алды.

22-январда Сургут-Москва каттамында бараткан учактагы мас жүргүнчү куралы бар экенин айтып коркутуп, учкучтардан анын багытын өзгөртүүнү талап кылган. Учактын командири Ханты-Мансийск шаарынын аэропортуна чукул конуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал жакта учакты күч түзүмдөрү чабуул менен алышты.

Мурда соттолгон 41 жаштагы жарандын жанынан курал табылган эмес.

Маалым болгондой, бортто 70тен ашуун жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү бар эле. Тергөө комитети "Учакты мажбурлап айдатуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG