Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Өкмөт жаңы кодекстердеги кемчиликтерди мартка чейин оңдоп чыгат


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Өкмөт март айына чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди оңдоп чыкмай болду. Жогорку Кеңеш 23-январда ушуга байланыштуу токтом кабыл алды. Анда 1-январдан баштап күчүнө кирген кодекстерде жана мыйзамдарда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар сунуштар киргизилген. Ошону менен катар жакын арада мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды. Мунун алдында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев кодекстеги мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча төрт жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган.

Андагы айрым беренелер менен нормалар коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кодекстердин айрым беренелери кайра каралып чыгышы керек экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, тиешелүү мекемелер менен министрликтердин башчылары жана кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөлөрү катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG