Жогорку Кеңеш 23-январдагы сессияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Документ каржы маселесине байланыштуу жети жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан. 5-ноябрда аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган. 20-декабрда парламент аны биринчи окуудан өткөргөн.
БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгону менен парламент бекитип бере элек элек болчу.
Конвенция майып адамдардын укуктарын коргоого багытталган. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Ушу тапта мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарттын жоктугу сындалып келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.