Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Тажикстан: Муродовго дарыгерге көрүнүү кеңешин беришти


Кувватали Муродов.
Кувватали Муродов.

Тажикстандын Элдик фронтунун мурдагы мүчөсү Кувватали Муродов 2020-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Анын бул чечимин айрымдар кескин сынга алса, кээ бири олуттуу карашкан жок.

Тажикстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөө борборунун өкүлдөрү Муродовго медициналык кароодон өтүүгө кеңеш берген үч материал жарыялашты.

Кувватали Муродов өткөн аптада 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген. Ал жетиштүү добуш топтой албай калышы ыктымал экенин, бирок демократиялык принциптер боюнча шайлоого катышууга укугу бар экенин айткан. Муродов теңчиликти сакташ үчүн кол топтоонун санын азайтууну сунуш кылган.

Учурда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүш үчүн шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушу керек, бул болжол менен 210 миң кишинин колуна барабар.

Тажикстан президентине караштуу Стратегиялык изилдөө борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров эч ким азыркы президент Эмомали Рахмонго тең келе албайт деп эсептейт.

2020-жылы Тажикстандын азыркы президенти Эмомали Рахмондун жети жылдык экинчи мөөнөтү аяктайт.

XS
SM
MD
LG