Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Бишкек-Ош жолунда “тонировка” аттуу рейд жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Транспорт жана жол министрлиги Бишкек-Ош жолунда автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга каршы жалпы рейд уюштурууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министрлигине жүктөлгөн.

Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машинесинин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.

22-январдагы рейдде Транспорт жана жол министрлиги менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) машиненин маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн 94 жаранга протокол толтурушту. Бул иш эки жарым сааттын ичинде аткарылган.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” билдиргендей, айдоочуларга жалпысынан 282 миң сом айыппул салынды. Айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3000, ал эми юридикалык тараптар үчүн 13 000 сом. (TSh)

XS
SM
MD
LG