Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Заманбап стадион куруу маселеси парламентте да көтөрүлдү (видео)


Борбордук стадион.
Борбордук стадион.

Футболду өнүктүрүш үчүн өкмөт шаардын сыртынан стадион курууга жер бөлүп бериши керек. Бүгүн, 24-январдагы парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов ушундай сунуш киргизди. Эл өкүлү спорттун бул түрүн колдоо максатында жаңы түзүлүп жаткан Футбол академиясын салыктан бошотуп, футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө демилге көтөрдү.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Алмаз Батырбеков да ушундай эле пикирин ортого салып, ишти жазга чейин баштоо зарыл экенин айтты:

- Өкмөт ушул демилгелерди курал катары көтөрүп, эртерээк башташ керек. Биз ушул деңгээлге көтөрүлгөн футболчуларды колдоону ушуну менен билдирели.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» «Манас» аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алышты.

Футболчуларды тосуп алган учурда ишкер Аскар Салымбеков жаңы стадион курууга мезгил жеткенин белгилеген.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулган. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, сегиз спортчуга ылайык чуркоо жолу, 19 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG