Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Асеин Исаев Индияга элчи болуп дайындалды


Асеин Исаев.
Асеин Исаев.

Асеин Исаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Исаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 22-январда жактырган.

55 жаштагы Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Белгиядагы, Нидерланддардагы, Люксембургдагы жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Өткөн аптада президент АКШга, Орусияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG