22-январь күнү Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылынын орто мектебинин 9-классынын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, бала эмне себептен суицидге барганы аныктала элек.
- Буга чейин бул окуя боюнча милицияга эч ким кайрылган эмес, - деди ал. - Бүгүн массалык маалымат каражаттарына ушундай маалымат чыккандыгына байланыштуу Ичке-Жергез айылына облустук жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин тергөө тобу жиберилди. Азыркы учурда Ичке-Жергез айылында алгачкы териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Усубакунов бүгүн, 24-январда өспүрүмдү акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатканын кошумчалады.
15-январда Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүндөгү Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 13 жаштагы өспүрүм асынып, каза болгон. Ага чейин жыл башында Алай районунда 10-класстын окуучусу да суицидге барган. (AsM)