Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Венесуэлада оппозиция лидери өткөөл президент болду


Оппозициянын лидери жана парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо. 23-январь, 2019-жыл.
Оппозициянын лидери жана парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо. 23-январь, 2019-жыл.

Венесуэлада оппозициянын лидери жана парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо 23-январда өзүн өлкөнүн өткөөл президенти деп жарыялап, ант берди. Бул өлкөдө бир нече күндөн бери социалист президент Николас Мадуронун бийлигине каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өтүп жаткан.

Мадуро оппозициянын кадамдарын “мамлекеттик төңкөрүш” аракети катары баалап, анын артында "АКШ турат" деп билдирди.

Вашингтон билдиргендей, президент Дональд Трамп Хуан Гуайдону Венесэуланын өткөөл президенти деп тааныды. Мадуро Каракас Вашингтон менен дипломатилык жана саясий алакаларын токтоторун билдирди.

Мурдараак 35 жаштагы Гуайдо оппозициянын көзөмөлүндөгү Улуттук ассамблеянын (парламент) төрагалык кызматын ээлеген.

Канада, Бразилия, Аргентина, Коста-Рика, Гондурас, Гватамела, Парагвай, Перу жана Колумбия Венесуэланын өткөөл бийлигине колдоо билдирди.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск "Твиттер" баракчасына "Европа Венесуэладагы демократиялык күчтөргө бирдиктүү колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөм" деп жазды.

"Мадуродон айырмаланып, Улуттук ассмаблеяга, анын ичинде Хуан Гуайдого Венесуэланын жарандары демократиялык жол менен мандат берген" - деп жазды.

Орусиянын тышкы иштер министри АКШнын Венесуэладагы аракеттерин Батыштын "эл аралык укукка карата мамилеси" деп сыпаттады. Мадуронун бийлиги тушунда Венесуэла менен Орусиянын алакасы жакын болгон. Былтыр жыл этегинде Орусиянын коргоо министрлиги Латын Америкасындагы аскердик машыгууларга катышууга Венесуэлага өзөктүк дүрмөт алып жүрө алчу эки ракета берген. Соңку жылдары Венесуэла Орусиядан миллиондогон долларга аскердик техника сатып алды.

XS
SM
MD
LG