Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Жогорку Кеңеш Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды


Жанат Бейшенов.
Жанат Бейшенов.

Жогорку Кеӊеш транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды. Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

Депутаттар Транспорт жана жолдор министрлигиндеги абал өтө оор экенин, коррупциялашкан мекемелердин алдыңкы катарында турганын белгилеп, жемкорлуктун көмүскө схемалары орун алганын айтышты.

Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтып, жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштиктүү чара көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө убада берди.

Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. Буга чейин өкмөттүн аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG