Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Баткенде чек арадагы пикир келишпестик боюнча эки тарап жолугушат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек арадагы пикир келишпестик боюнча эки тарап жолугушуу өткөрөт. Бул туурасында Баткен районунун Тажикстан менен чек арадагы Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Тургунбай Нишанбаев билдирди.

Баткен районунун Тажикстан менен чек арада жайгашкан Кара-Бак айылында мүрзөгө курулган имараттын айынан пикир келишпестик чыккан. Кыргызстандын жарандары эки ай мурда айылдын мүрзөсүнө жаан-чачында корголоочу убактылуу жеңил бастырма куруп, бирок ал бүтпөй турган. 23-январда Тажикстандын Лаккан айылынын башчысы элүүдөй киши топтоп келип, курулушту бузууну талап кылган. Ал чек ара аймагында курулуш жүргүзбөө боюнча эки тараптуу келишим бузулуп жатканын айткан.

Буга каршы пикир менен Баткендин Кара-Бак айылынан да 100гө жакын киши топтолуп нааразылыгын билдирген. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да эл топтолгон жерге барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG