Жогорку Кеңештин 24-январдагы жыйынында депутат Максат Сабиров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев боюнча “Азаттык” жүргүзгөн иликтөө тууралуу маселе көтөрдү.
- "Баткен облусунун губернатору 2000 тонна буудайдын жоголгонуна күнөөлүү экен" деп “Азаттыкка” чыкты эле. Ушул боюнча эмне болду? - деди ал.
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев менен парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин жетекчиси Айтмамат Назаров бул ишти укук коргоо органдары иликтеп жатышканын билдиришти.
Бирок депутат Сабиров өкмөт бул ишти күч органдарына жүктөп коюп, өзү чара көрбөй жатканын сынга алды.
Буга чейин "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков кеңири видео иликтөө жүргүзүп, анда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевге караштуу жергиликтүү “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учураганын баяндаган. Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай келатат. (BTo)