Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Боронов: өкмөттүн жаңы түзүмүн жакында алып келебиз


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Өкмөт жакын арада жаңы түзүмүн парламентке сунуш кылат. Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Бороновдун айтымында, өкмөт бул багытта иштеп жатат.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сентябрь айында өкмөттүн түзүмү боюнча сунуш менен келүүгө убада берген. Ал Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан. Кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмү боюнча өзүнчө жумушчу топ иштеп жатканын, өкмөттүн өзүндө да талаш-тартыштар бар экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG