Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ЖАМК Садыр Жапаровдун иши боюнча түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров сот учурунда. 2-август, 2017-жыл.
Садыр Жапаров сот учурунда. 2-август, 2017-жыл.

Январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы 3000ге жакын жарандын, анын ичинде саясатчы Садыр Жапаровдун иши сотко жөнөтүлдү. Бирок анын жаза мөөнөтү кыскарып, иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралбайт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова айрым массалык маалымат каражаттары бул тууралуу жаңылыш маалыматтарды таратып жатышканын айтты:

- Жаңы кодекстер боюнча биз камакта отургандардын баарынын ишин кайра кароо боюнча сотко жөнөтөбүз. Анын ичинде Жапаровдуку да бар экенин айтканбыз. Бирок айрымдар "Садыр Жапаровдун иши кайра каралып, жаза мөөнөтү кыскарат" деп түшүнүп алышыптыр. Андай эмес. Жапаровдун деле иши башка соттолуучулардын ишиндей эле сотко жөнөтүлдү. Ушуну кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүп, туура эмес жазып коюшуптур.

Бүгүн, 24-январда ЖАМКтын өкүлдөрү Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүшкөн. Жыйындан кийин жогорудагыдай маалыматтар тараган.

Январдын башында Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишин жаңы жагдай боюнча кайра карап чыгуудан баш тарткан.

Алты жыл мурда "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG