Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргыз тоолору.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 25-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

25-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG