Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Өкмөт футбол боюнча курама командага 2 млн. сомдук сертификат тапшырды


Сертификат тапшыруу учуру.
Сертификат тапшыруу учуру.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн, 24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчуларды тосуп алуу иш-чарасында айтып, сертификатты башкы машыктыруучу Александр Крестининге берди.

Футбол күйөрмандарынын “стадион” деп кыйкырганына жооп кылып Абылгазиев “стадион болот” деп жооп берди:

- Стадион болот. Жакында ал боюнча чечим кабыл алынат. Биздин спортко болгон көңүлүбүз, пейилибиз – өнүгө турган мамлекетте жаштар сөзсүз билимдүү, ден соолугу чың болушу керек. Ошон үчүн ушундан баштап ар бир айыл, район, облустун борборлорунда футбол талааларын курууну күчөтөбүз. Кыргыз футболунун арасынан Роналду, Месси, Рэшфорд, Лукаку чыгат деп ойлойбуз.

Өкмөт башчы 2013-жылы ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 209 өлкөнүн ичинен 201-орунда болгонун, учурда 91-орунга чыкканын белгиледи. Ал Азия кубогундагы оюндар үчүн рейтинг дагы көтөрүлө турганын айтты.

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы ыр-күүнүн коштоосунда өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG