Мындай маалымат 24-январда Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 5,5% азайган. Ал эми каза болгондордун жана жараат алгандардын саны 21% кыскарган.
Балдар катышкан 1418 жол кырсыгы катталып, бул 2017-жылга салыштырмалуу 0,9% көп. Бирок, жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны 104төн 87ге чейин кыскарган. Ал эми жараат алгандардын саны 1652ден 1622ге кыскарды. Жалпы республика боюнча жол кыймылынын эрежесин бузган миллионго жакын факты катталган. (TSh)