Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:51

Бишкекте турак жай курулушундагы үлүшчүлөрдүн көйгөйү талкууланат


Бүгүн 25-январда батир алам деп курулуш компанияларга акчасын төлөп, алданып калган үлүшчүлөрдүн көйгөйү тууралуу талкуу болот. Анда турак жай курулушунда үлүшчүлөрдүн укуктары каралган мыйзам долбоору талкууланат. Бул тууралуу документтин демилгечиси, парламент депутаты Аида Исмаилова “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, жыйынга курулуш тармагына тиешелүү бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат. Талкууда үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоонун, алардын маселесин чечүүнүн жолдору талкууланат.

Жыйын Бишкек шаарындагы Орозбеков көчөсү 87 дарегинде жайгашкан мейманканада саат 10:00дө башталат.

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш компанияларына акчасын алдын ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы 2018-жылы 3-октябрдагы чыгарылышында Бишкекте батир алыш үчүн акча төлөп, бирок берген каражатынан да, үйдөн да кур жалак калгандардын арыз-муңун, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. (TSh) ​

XS
SM
MD
LG