Орусиянын "Московская газета" басылмасы кыргызстандык сегиз, өзбекстандык үч жаран Москвада жана Санкт-Петербургда теракт жасоого даярданган деген айып менен соттолгонун жазып чыкты. Москва аймактык аскер соту аларды Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (теракт жасоого даярдануу) менен күнөлүү деп таап, алты жылдан 18 жылга чейин күчөтүлгөн режимге абакка кесүү чечимин чыгарды.
Басылма тергөөнүн маалыматына таянып, «соттолгондор Орусияда тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү болушкан жана ок атуучу курал, колго жасалган жардыруучу зат колдонуп Москвада, Санкт-Петербургда теракт уюштурууга даярданышкан» деп жазды.
Учурда бул тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек. (TSh)