Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Суталинов ден соолугуна байланыштуу абактан чыгышы мүмкүн


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова апрель окуясы боюнча абакта жаткан Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу документтер, дарыгерлердин бүтүмдөрү Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Анын айтымында, жакынкы күндөрү сот отурумдары башталат.

Мыйзамга ылайык, абакта жаткан жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укугу бар. Бирок ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек. Буга чейин Мурат Суталинов өсмө (рак) оорусуна чалдыгып, анысы өтүшүп кеткени аныкталган. Буга байланыштуу Суталиновдун туугандары документтерди чогултуп, аракет кылып жатканы айтылган.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG