Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстанга бир жылда 7 миллион чет өлкөлүк жаран кирди


Кытайдын ТВЕА компаниясында иштеген Кытайдын жарандары жергиликтүүлөр менен мушташтан кийин. Ош облусу, Өзгөн району. 9-январь, 2013-жыл.
Кытайдын ТВЕА компаниясында иштеген Кытайдын жарандары жергиликтүүлөр менен мушташтан кийин. Ош облусу, Өзгөн району. 9-январь, 2013-жыл.

2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагына 7 миллион 257 миң чет өлкөлүк кирип, 6 миллион 931 миң адам кайра чыгып кетти.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 25-январда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, булардын ичинде туристтер, мигранттар, инвесторлор, башпаанек сурагандар жана башкалар бар.

Эң көп киргендер казакстандыктар (47%), өзбекстандыктар (35%). Орусия (9%) менен Кытайдан киргендер (1%) түзүшөт. Калгандары алыскы жана жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер.

Ибраимжанов билдиргендей, 2017-жылы Кыргызстанга 4 миллион 666 миң адам кирген.

Буга чейин өкмөт атайын маалымат таратып, былтыр 10 айдын ичинде Кытайдан 35 миң жаран гана киргенин билдирген. Соңку статистика боюнча 2018-жылдын 12 айында бул сан 77 миң 332 адамды түзгөнү маалым болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG