Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Сот Сапар Исаковдун ишиндеги материалдар менен таанышуу мөөнөтүн узартты


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча материалдар менен адвокаттардын таанышуусуна чектөө койгон тергөөчүлөрдүн чечимин мыйзамсыз деп таап, таанышуу мөөнөтүн узартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) материалдарды алардын колуна 8-январда берип, 25-январга чейин таанышууга мөөнөт койгон. Документтер 53 том болгондуктан адвокаттар аны менен таанышууга жетишкен эмес. Ошол себептүү алар иш менен таанышуу мөөнөтүн кеминде мартка чейин узартуу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

Токтакунов ырастагандай, Исаковдун камактагы мөөнөтү 13-февралга чейин болгондуктан материалдар менен таанышууга дагы он күн гана кошулушу мүмкүн. Ал маселе азырынча тергөөчүлөр менен тактала элек. Адвокат түшүндүргөндөй иш 5-февралдан кечикпей сотко өтүшү керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын 8-январда билдирген. Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго тагылган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG