Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Пара катары автоунаа алган үч салык кызматкери кармалды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси (Э.Т.) жана эки тескөөчүсү (Б.Ч., Р.А.) пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган кызматкерлер кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкердин ишин бүтүрүү үчүн (А.Т.) андан опузалап пара талап кылышканы аныкталды.

Алар акчаны тургундан эки транш менен берүүнү талап кылышкан, 50 миң сом банк аркылуу тескөөчүлөрдүн биринин атына которулган. Мындан сырткары салык кызматкерлери ишкерден “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автотранспортун талап кылып, кысым жана коркутуудан кийин машине тескөөчүлөрдүн биринин досунун атына өткөрүлүп берилген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын оперативдик видеосу.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (“опузалап акча талап кылуу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар бөгөт коюу чарасы каралганга чейин Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG