Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Греция Македониянын аталышы боюнча келишимди колго салганы жатат


Грециянын парламенти Македония менен мамилени жакшыртууга багытталган тарыхый келишим боюнча добуш бергени жатат.

Кечээ Афиныда парламент жанына чогулган демонстранттар “чыккынчылар” деп нааразылыгын билдирип турушту. Айрымдары тартип коргоочуларга карай таш ыргытканда полиция жаш агыза турган газ жана кулак тундуруучу граната колдонду. Он чакты киши камакка алынганы жана зомбулукка шектелген 133 адам кармалганы маалымдалды. 25-январда да демонстрациялар уланат деп күтүлүүдө.

Келишимге ылайык, Македония өлкө аталышын Түндүк Македония жумурияты деп өзгөртүшү керек. Узак жылдарга созулган талаш жөнгө салынса, Македония НАТО жана Европа Биримдигине кошулуу максатына жакындамакчы. Макулдашууну буга чейин македон парламенти ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG