Германиянын калкы былтыр жыл аягында 83 миллионго жетти.
Федералдык статистикалык агенттиктин маалыматына ылайык, өткөн жылы 800 миңдей бала төрөлүп, 950 миңдей киши жарык менен кош айтышкан. Эки Германия бириккен 1990-жылдын октябрында өлкө калкынын саны 79,3 миллиондон бир аз ашкан.
Калктын өсүшүнө иммиграция чоң салым кошкону айтылууда. Ошол эле маалда 2015-жылдан бери келгиндердин саны азайган.
Германия – Европанын Орусиядан кийинки экинчи көп калктуу өлкөсү.
Статистика агенттиги өз санактарын сентябрга чейинки маалыматтардын негизинде чыгарган. Толук маалымат жай айларында даяр болмокчу.