Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

КСДП: Мискенбаев 11 саат сурак берип чыкты


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП)мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 11 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 25-январда билдирди.

Ал Мискенбаев менен байланышканын, экс-депутат “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Амантур Жамгырчиев менен беттешип, көрсөтмө бергенин кошумчалады. Мээрбек Мискенбаев 26-январда дагы сурак бергени чакырылган.

Буга чейин Кундуз Жолдубаева эртең менен саат ондордо Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына сурак бергени кирип кеткен боюнча чыкпай жатканын билдирген. Аны менен кошо Амантур Жамгырчиев да аталган мекемеге чакырылганы кабарланган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул боюнча кенен түшүндүрмө бербей жаткан. Мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур Мискенбаев суракка чакырылганын ырастап, андан башка маалымат бөлүшкөн эмес.

Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы башталган. Аны “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова "Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген" деп айыптаган. Отунду “Кыргызкөмүр” ишканасы бергени айтылган.

2018-жылы Алыйкулова бул факт боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз жазып, аталган мекеме алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. “Азаттык” радиосуна берген маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG