Өзбекстандын министрлер кабинети 2019-жылдын аягына чейин цирктин залын күйөрмандар менен 60 пайыз толтурууга, 2022-жылы аны 75 пайызга жеткирүүгө буйрук берди.
"Азаттыктын" өзбек кызматынын маалыматына караганда, өкмөткө караштуу "Өзбек мамлекеттик циркин" колдоп-кубаттоо тууралуу токтом чыкты. Анда циркти күйөрманга толтуруу менен катар, 2020-жылы оюндардын санын 500гө, 2022-жылы 1000ге жеткирүү пландалган. Ошондой эле 2019-жылдын 1-апрелине чейин цирк инвесторго берилиши керек.
Токтомго ылайык, Самарканд, Фергана жана Хива шаарларында 500-700 орундуу цирктер курулушу керек. Ал жактарга Франциянын, Орусиянын жана Кытайдын цирк артисттери гастролго чакырылат. Ошондой эле 2021-жылдан тарта Ташкент шаарында эки жылда бир Эл аралык цирк фестивалын өткөрүү белгиленген.
Быйыл Өзбекстанда цирктин уюшулганына 105 жыл толот. Бул датага байланыштуу "Өзбек мамлекеттик цирки" деген китеп-альбом чыгарылат.