Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Трамп "шатдаун" үч аптага токтотулганын билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп “шатдаун” 15-февралга чейин токтотулганын билдирди. Бул аралыкта республикачылар менен демократтар АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал тургузуу маселесинде сүйлөшүү жүргүзөт, - деп маалымдайт "Настоящее время".

Президент бул өңүттө билдирүү жасап, "Шатдаунду токтотуп, федералдык өкмөттү кайра ачуу жаатында макулдашууга жетишкенибизди жарыялоо мен үчүн сыймык", - деди. Ал 15-февралга чейин бардык мамлекеттик кызматкерлер айлык акыларын аларын белгилеп, америкалыктар "өзгөчө инсандар" экенин айтты жана ыраазычылык билдирди.

Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруш үчүн Конгресстен 5 миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.

АКШнын федералдык өкмөтү жарым-жартылай токтоп турганына бир айдан ашты. Бул - америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун».

XS
SM
MD
LG