Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылдагы жетишкендиктерин атады


Өкмөт жыйыны, 25-январь.
Өкмөт жыйыны, 25-январь.

2018-жыл Кыргызстан үчүн оңой болбоду, бирок социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжа көрсөтүп, ички дүң өнүм 3,5 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-январда өкмөт жыйынында билдирди.

"2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл", - деген Абылгазиев 2018-жылдагы жетишкендиктер деп III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити сыяктуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды мисалга тартты.

Алгачкы жолу мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алгачкы кадамдары башталганын жана башка иштерди белгиледи. Аймактарды санариптештирүү жаатында 2019-жыл маанилүү жыл болорун, туруктуу өнүгүүнү камсыздоочу бюджет кабыл алынганын айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Ага чейин Сапар Исаков иштеп, парламент ага ишеним көрсөтпөй, жумуштан кеткен.

XS
SM
MD
LG